super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын денесинде "Н+Б" деген жазуу жок болчу"

 

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кызга аны ала качып бара жаткан жигит өзүнүн унаасынан алган бычакты сайган. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев маалымат жыйын учурунда айтты.

Анын айтымында, 27-майда Сосновкадагы аймактык посттон түнкү саат 12 чамасында Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анын ичинде Марсбек Б., Акмат С. жана Турдалы кызы Бурулай болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Айткожоев кармалган унааны Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирип, окуя тууралуу рапорт толтуруп жаткан учурда Марсбек Б. менен Акмат С. ИИБдин кызматкеринин кароосунда болгон.

"Ал эми жабырлануучу жарандар кабыл алуу бөлүмүнө киргизилген. Ошол учурда милиция бөлүмүнүн эшиги такылдаган. Эки жигитти карап отурган кызматкер эшикти ачканы кеткен. Ошондо Марсбек Б. өзүнүн унаасынан алган бычак менен кыз отурган бөлмөгө кирип келип, ичинен бекитип алган. РИИБдин кызматкерлери эшикти сындырып киргенде экөө тең жерде канжалап жаткан. Бала кызга 3 жолу, өзүнө 4 жолу бычак сайган. "Тез жардам" унаасы менен аймактык ооруканага алып барышканда кыз каза болуп калган", - деди Сарчаев.

Ошондой эле ал кыздын туугандарынын "кызыбыздын көкүрөгүнө "Н+Б" деп бычак менен оюлуп жазылыптыр" деген билдирүүсүн четке какты. Сарчаевдин айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон.

Ал белгилегендей, учурда кызга жана өзүнө бычак сайган жигит ооруканада. Дарыгер анын абалы жакшыра баштаганын маалымдаган. Марсбек Б. кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатып кармалган. Маркумдун атасы "ал жигит кызымды эркине каршы ала качкан" деп билдирген. Ал эми жигит менен чогуу иштегендер экөө 3 жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүргөнүн айтышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.05.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул милицияларга да туболук турмого камаш керек. ХХХХХХХХХ Мыйзам бойунча бир катар коздон откоруп анан киргизиш керек камерага. Личный нерселерин алып толька кийими калыш керекко ременинен баштап батинкесинин боосуна чейин чечип алыш керекко эшшек мээлер. Башынан баштап бутуна чейин текшерип киргизиш керкко. Ушунча кармапсынар нак жегени жолуктурасынарбы экоону кыз ала качуу кылмыш болсо.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-30 11:19:35
29.05.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала менен дагы бироо болгонго, сурак алып тактабайбы
29.05.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бала турмодо чирийт.Адам олтуруу жана кыз ала качуу статьясы менен.Жон журсо болмок.
30.05.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
милицияларга суроо, кыздын кокурогуно качан, каерде жазылыптыр анда Н+Б деп?
30.05.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланын туугандары, тааныштары жеткен калпычы экен. Орозонун кунундо калп айтпай эле койбойбу?!! Кыздын туугандары айтып жатат го, кыз коркуп качып жургон баладан деп... Кыздын балада конулу болсо, биринчи же экинчи жолу алып качканда эле калып калат эле да отуруп...
30.05.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
былжырактар 1 минут ичинде озуно 4 жолу кызга 3 жолу бычак сайып улгургон болобу ошондо. оозунарды ачып отурргансынар да
30.05.2018. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оз ишин билбеген милиция эмес эле ХХХХХХХ го.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-30 10:30:44
30.05.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ар ким озунун артын жапканы жанталашышатда.Аллахтан корккула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: