super.kg logo

Башкы прокуратура: "Түштүк магистралды бойлото имарат куруу үчүн "Ихлас" компаниясына берилген жерди УКМК териштирүүдө"

 

Бишкектин Түштүк магистралын бойлото үй куруу үчүн берилген жер аянты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы иш алып барууда. Аталган маалыматты баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 29-майда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Маалыматка караганда, ушул сыяктуу нааразычылык жараткан, шектүү курулуштар укук коргоо органдары тарабынан териштирилип жатат.

Эске салсак, буга чейин Түштүк магистралдын жанындагы 2 гектардан ашык жер тилкеси көп кабаттуу имарат куруу үчүн "Ихлас" компаниясына берилгени айтылган. Жогорку Кеңештин депутаттары бул иште мыйзам бузуу болгон дешсе, аталган компания бул айыптоону четке кагып келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.05.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттин жерин кайра мамлекеттин балансына откоргуло, эмне учун алар мамлекеттин жерин коррупциялык схемалар мн оздоруно откоруп, уй куруп оздорунун чонтокторун толтуруш керек экен?! буга жол бербеш керек, мамлекетке кайтарып алжака бак-дарактарды отургузгула, итак эле ата-турк паркын четинен сатып мэрлер жыргады, ошонун баарын чугуп чыгып парктын териториясына салынган уйдун баарын туртуруу керек, мыйзамсыз жол мн жерди жеке менчикке откоргондун баарын жоопко тартып, ашыгы мн толотуш керек.
29.05.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Парктын аянтын четинен сатып ийип олумуш болуп омуркулов отурат, ошонун баарын сыгыш керек, мамлекеттик жогорку кызматта иштегендин баары уруулар баарын сыгыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: