super.kg logo

"Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ишканаларына инвестиция тартуу аракети көрүлүп жатканы айтылды

 

"Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ишканаларына да инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында белгилүү болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов мындай чаралар электр энергиясынын техникалык жоготууларын кыйла кыскарта турганын айтты. Ал ага Бишкек шаарынын айрым жерлериндеги 18 пайыздык жогортуулар "акылдуу эсептегичтерди" орноткондон кийин 10 пайызга чейин кыскарганын мисалга алды.

Жыйында "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Ага ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы "Чыгыш электр" ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 миллион евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 миллион евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү – 3 жыл. Талкуу соңунда комитет мыйзам долбоорун экинчи окууда жактыруу чечимин кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: