super.kg logo

Депутат: "Айрым бийлик өкүлдөрү Камчы Көлбаевге баш ийип жүрөт"

 

Камчы Көлбаев"Камчы Көлбаев - уюшкан кылмыштуу топтун адамы. Эмнеге ал мамлекетте эркин жүрөт? "Мындай суроо менен бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Эл өкүлү кылмыштуу топту уюштуруу боюнча 2017-жылы канча кылмыш иши козголгонун сурады. "Бизде канча уюшкан кылмыштуу топ катталган? 2017-жылы канча кылмыш иши козголду?" - деди Бекешев.

"ИИМдин маалыматына караганда, 523 кылмыштуу топтун мүчөсү катталган. Камчы Көлбаевдин тобунда 422, Азиз Батукаевдин тобуна 49 адам тийиштүү. Мындан сырткары 941 ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрү каттоодо турат. 2017-жылы 241 кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Алардын катарында жогорку тепкичтеги 3 адам кармалган", - деди баш прокурор.

Бекешев: "Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун адамы, туурабы?"

Жамшитов: "Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча ошондой".

Депутат Бекешев Камчы Көлбаев эркиндикте экенин жана айрым бийлик өкүлдөрү ага баш ийип жүргөнүн билдирди. "Кылмыштуу топтун адамы бош жүрбөшү керек да. Кандай дейсиз?" - деди Бекешев.

"Анын кылмышка тиешеси жок болсо, жүрөт да", - деди баш прокурор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: