super.kg logo

Америкалык компания 4 жыл мурун 239 адамы менен дайынсыз жоголгон малайзиялык учакты издөөнү токтотту

 

4 жыл мурун абага көтөрүлгөндөн кийин дайынсыз жоголгон малайзиялык учакты издеп жаткан америкалык "Ocean Infinity" компаниясы 29-майда өз ишин жыйынтыктаганын жарыялады. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, компания жетекчиси 2018-жылдын башынан бери Инд океанынын 112 миң чарчы чакырым бөлүгүн карап чыгып, бирок учактын эч кандай калдыктарын таба алышпагандыктан издөөнү токтотууга барышканын айтты. Малайзия бийлиги азырынча издөөнү уланта турганын кабарлай элек.

Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы ичиндеги 239 адам менен 2014-жылдын 8-мартында абага көтөрүлгөндөн кийин дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Андан бери дайынсыз.
Издөө иштерин Австралия, Малайзия жана Кытай тарап биргеликте жүргүзүп келип, анык жыйынтык болбогондуктан 2017-жылдын башында токтотуп коюшкан. Издөө иштеринин учурунда 2015-жылы Реюньон аралынан учактын канатынын калдыктары табылган.

Учак кырсыктарын изилдеген австралиялык Питер Макмэхон аттуу адис Боинг-777-200 учагы кайда жатканын буга чейин Google картасынан тапканын чет элдик ЖМКлар жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, адис учак болжолдуу түрдө Раунд аралынын түштүк тарабынан 16 чакырым алыстыкта жатканын айтууда. Ал бул аймак издөө аймактарынын катарына кирбей калганын белгилеп, өзүнүн жыйынтыгын Австралиянын Транспорт жана коопсуздук бюросуна жиберген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
30.05.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызык
30.05.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул самалет табылбай калды танкалыштуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: