super.kg logo

MegaCom компаниясынын миңдеген абоненттери "Улуу Жеңиш" акциясына катышты

 

9-май күнү Кыргыз өлкөсүндө Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы майрамдалды. Мекенибиздин тарыхында өзгөчө алтын тамгалар менен жазылган бул күнгө карата «Улуу Жеңиш» кайрымдуулук акциясын өткөрүү MegaCom тарабынан демилгеленип келүүдө.

Жалындуу жаштык курагын жаркын келечек үчүн жумшаган ардагерлерибиздин бүгүнкү жашоосуна кайдыгер карабаган миңдеген абоненттер кайрымдуулук марафонуна катышты. 1945 кыска номуруна SMS-билдирүү жөнөтүп жатышты. Бир SMS-билдирүүнүн наркы 20 сомду түздү. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи, натыйжада 343 миң 200 сом топтолду.

Жыйналган акча каражаттары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген тизмеге ылайык кепилденген түрдө бөлүштүрүлүп бермекчи. Алардын саны 429 адамды түзөт. Акциянын жыйынтыктары тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында, Facebook, Instagram, Twitter, Одноклассники жана VKонтакте социалдык тармактарындагы расмий баракчаларыбызда жайгаштырылган. Буга чейинки акциялардын жыйынтыктары менен бул жерден таанышууга болот.

"Улуу Жеңиш" SMS-марафону – бул согуштун ардагерлерин колдоого багытталган демилгеге кыргыз жарандары тарабынан көрсөтүлгөн көмөк, алардын эрдигине таазим этүү. Ардагерлерге болгон терең урматтоосу, компанияга көрсөткөн ишеними үчүн акцияга катышкан ар бир абонентине MegaCom ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, өлкө боюнча ар бир ардагерге Жеңиш күнүнө карата компаниянын өз каражаттарынын эсебинен бир жолку бөлүнүп берилүүчү акча каражаты да каралган. Кан майданда мекени үчүн жан аябай салгылашкан жана согуш маалында жанын үрөй оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн майрамдык концерт да тартууланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: