super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Терек айылынын айыл өкмөтү: "Күйүп кеткен ФАП июнь айынан баштап кайра курула баштайт"

 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылындагы өрттөнүп кеткен ФАП июнь айынан баштап кайра курула баштайт. Бул тууралуу Терек айылынын айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков билдирди.

"ФАП өрттөнүп кеткенден кийин биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылганбыз. Ал жактан тийиштүү адамдар келип ФАПты көрүп кетишкен. Андан соң биз аларга ФАПты кайра салып берүү өтүнүчү менен кат аркылуу кайрылганбыз. Мындан улам маселе чечилип, июнь айынан баштап ФАПты кайра салуу иши башталат. Андыктан жай айында ФАП колдонууга берилет", - деди айыл башчы.

Эске салсак, Ак-Талаа районунун Терек айылындагы фельдшердик-акушердик пункт толугу менен күйүп кеткенин окурман "Элдик кабар" аркылуу маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: