super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Эгиз балдарга сүйүнчү пул берүүдө артыкчылыктар каралган эмес, ар бир балага 4 миң сомдон берилет"

 

Эгиз балдарга сүйүнчү пул берүүдө артыкчылыктар каралган эмес, башка балдар сыяктуу эле эгиздердин ар бирине 4 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин "Элдик кабардын" окурманы эгиз балдардын энеси экенин айтып: "Аларга сүйүнчү пул берүүдө артыкчылыктар каралганбы", - деген суроо салган эле.

"Ата-энелер эгер эгиз балалуу болушса, башка балдар сыяктуу эле ар бирине 4 миң сомдон сүйүнчү пул алышат. Кадимкидей эле керектүү документтерди тапшыруу шарт.

Алар:

• Ымыркайдын ата-энесинин паспорту
• Баланын күбөлүгү
• Жашаган жеринен маалым кат (каттоого турган жеринен эмес, факт жүзүндө жашаган жеринен)

* Банктык эсеби керек.

Андан кийин 2 ай аралыгында акчаны алышат. Бул убакытты кыскартуу үчүн дагы иш-аракеттер жүрүп жатат. Мындан тышкары ата-эне сүйүнчү акчаны алуу үчүн бала төрөлгөндөн кийин 6 ай убакыт өтө элегинде документ тапшырып үлгүрүү керек. Мурда бала 1 жашка чыкканга чейин сүйүнчү акча алууга документ тапшырса болот деген эреже бар болчу, биз анын убактысын кыскарттык. Ал эми эл арасында "Эгиз балдардын ар бирине 10 миң сомдон сүйүнчү акча чыгат" деп айтылып жаткан сөз туура эмес", - деди маалымат катчы.

Балага сүйүнчү пул алууда келип чыккан суроолордун толук жоопторун бул шилтемеден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.05.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияга окшотуп материнский капитал деп мыйзам киргизип ар Экинчи балага сертификат берсе жакшы болмок. Жаш уйбулолорго уй алганга же уй салып алганга материалдык жардам деп берилсе
30.05.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу 4000сомду эптей албай жатышат, кайдагы материнский капитал. Деги суйунчу алгандар барбы озу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: