super.kg logo

Депутат Райымбек Матраимовдун үйүн текшерүүнү сунуштады

 

Райымбек Матраимов

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңеш баш прокурордун 2017-жылга карата отчётун укту. Жыйындын жүрүшүндө депутат Мурадыл Мадеминов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүн текшерүүнү сунуштады.

"Сиз ИИМ, Транспорт жана жолдор министрлиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги эң коррупциялашкан органдар деп жатасыз. Эмнеге бажыны айтпайсыз? Ондогон миллиарддар уурдалат ал жерде. Азыр да уурдалууда. Жаңы келген Кулматов "жылдын аягында мен бюджетке 50 миллиард берем" деген. Эмнеге силер ушул системге чекит койбойсуңар? Борбордук бажы кызматынын өкүлүнүн үйүн көрүп жатасыңар. Жок дегенде 5 миллион долларга курулган. Силер Райым Матраимов дегендин үйүн көргүлө. Ага чейинки директордун үйүн көргүлө. Ар бир бажычынын үйүн текшерип көргүлөчү. Өздөрүнө катталган эмес. Бирок жашап жаткан үйлөр ошолордуку да. Эмне үчүн ушундай? Бажыдагы коррупцияга чекит коюп, камай тургандарды камаганга эркиңиз жетеби?" - деди Мадеминов.

Жамшитов: "Текшерүү иштерин жүргүзгөнгө дагы, кылмыш иштерин козгогонго дагы эркибиз жетет", - деп жооп берди.

Айта кетсек, 2017-жылдын 23-ноябрында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жарлыгы менен Райымбек Матраимов анын иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн кызматтан алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
30.05.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уже поздно..акчасынын баарын камаздап ташып кетсе керек
30.05.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айтпай туруп текшерип көрүш керек айтып туруп текшергенден эмне пайда эскертип туруп текшерсең не пайда бар.
30.05.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озуно каттаткан эч нерсеси жок болсо кк бечара квартирада жашагандай. Соке озун делай
30.05.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША деле Кой таштагы уйун 5 миллион доллар чыгымдап курган деп Текебаев айтып чыккан. 89 миллион сом кетирип резиденцияга уй салды. Кайсы,бети менен ушинтти эли кыйналып талаалап журсо. Кайсы бети менен жашап жатат Кыргызстанда? Койгон адамдарынын баары ажыдаар болуп чыгып атат.
30.05.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал байкуштун деле эчснерсеси жок да башка чондорго окшоп. Бир плитаны минип олтурса керек да байкуш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: