super.kg logo

Бишкекте интим кызматын уюштурган 2 аял кармалды

 

Бишкекте интим кызматын уюштурган эки аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-май күнү Октябрь РИИБине мейманкана делген менчик үйдө интим кызматын уюштуруп келгендер боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке барган ыкчам тергөө тобу 43 жаштагы К.Е. жана 37 жаштагы Д.О. аттуу аялдарды кармашкан. Милиция кызматкерлери үйдүн ичин тинтүүгө алышканда бойго бүтүрбөөчү каражаттар, акча жана жазуулары бар дептер табылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери аталган үйдөн интим кызматын көрсөтүп иштеген 2 кызды кармашкан.

"Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен иш козголуп, баш коргоо чаралары катары башка жакка чыкпоо боюнча тил кат жаздырып алынган", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.05.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Неге бетин бекитип туруп чыгаарсыңар эл көрүш керек буларга окшогондордо бет деле болбосо керек.эртең үй камагына чыгарат не болду деп сурасаң шапкасын төктүм дейтта анан үйүнө барып товарын кайрадан жайып сата берет блиин
30.05.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өлүп эле калбайсыңарбы арам акча тапкандан көрө
30.05.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кармап кайра кое берип жибере берсе, кайдан токтосун бул кызмат.
30.05.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкек боюнча 2эле мамаша бар экен да ээ,калгандарына нысап берип иштебей калган го.
30.05.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра эле иштей беришет.
30.05.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайларга өлүм жазасын киргизүү керек болду. Эгер Жогорку Кеңештин депутаттары мындай кызматтарды колдонбошун далилдесе ушундай кадамдарга баруу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: