super.kg logo

Албек Ибраимов өзүнө байланыштуу кылмыш иши козголгону боюнча эч нерсе уга электигин айтты

 

Бишкектин мэри Албек Ибраимов өзүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере албасын айтты.

"8 жыл өттү, 2011-жылдагы окуя боюнча экен. Баарын эстеп көрүш керек. Кылмыш иши козголгону боюнча эч нерсе уккан жокмун. Акыркы 2 күндөн бери шаардык кеңештин сессиясында отурабыз", - деди Ибраимов.

Айта кетсек, бүгүн "Дастан" ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"2012-жылы январь айында "ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Ал эми "Дастан" мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому Украинанын мамлекеттик хозрасчёттук компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган, ал партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Бул факты боюнча 28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен ишин козгоду", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.05.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анколонушуп эле бат эле унутуп укпай калышат жегенди да неге унтуп калбайсынар
30.05.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Камалсын баары. 9000 сомго көчөт алып келбей, 200 сомдон жергиликтүү бизнесмендерден алса болот эле. Камалсын. Жегенин кусуп камалсын.
30.05.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Давно камаш керек болуучу
30.05.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кылымыш иши козголду жеп эле атысанар бирда кармалган чиноник жок
30.05.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А Ибраимовду деле Кулматовдой кылып, уй мулкун конфискация кылып тергоону улантыш керек эле. 7 жыл мурунку эмес, кечээги эле кочотторду, М Бакиевге тийиштуу болгон жер боюнча ачса болмок. АША кымындап бекер алган болуу керек ал жерди Ибраимовдон. Бат эле мэрликке койгонуна караганда...
30.05.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карупсиянер номер 1 бул дагы камап туруп бут дунуйосун алыш керек мамлекетке ушуларга окшогон 10 бай карупсиянер дин мулкун алса кытайдан алган карыздан кутулуп калмакбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: