super.kg logo

Депутат жаңы министрди "мектеп окуучусунун жообун айтып отурасыңар" деп кескин сындады

 

Космосбек Чолпонбаев"Мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жакшы иштеген". Мындай пикирин бүгүн, 30-майда парламент жыйынында депутаттар Акылбек Жапаров менен Мирлан Бакиров айтышты.

Алар жаңы дайындалган министр Космосбек Чолпонбаевди кескин сынга алышты. "Мурунку министр Талантбек Батыралиев жакшы иштеген. Сиз болсо жыйынга келип алып, "кагаз түрүндө жооп берейин, кийин айтып берейин” деп жатасыз. Мындай адатты, мындай даярданганды токтотуңуз. Мектептеги окуучунун жообун айтып отурасыз. Акчалар тууралуу маалыматты так бериңиз", - деди Бакиров.

Ал эми Акылбек Жапаров мурунку министр Таланбек Батыралиевдин тушунда Бишкек менен Ошто медициналык чоң курулуштар курулганын айтты. Ошондой эле ал Батыралиевдин ишин улантуу керектигин кошумчалады.

Министр Чолпонбаев: "Албетте, буга чейинки министрликтеги жакшы иштерди улантабыз" деп сындарга жооп берди.

Депутаттар Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев да министрдин жакшы даярданбай келгенин эскертишти.

Парламентте саламаттыкты сактоо тармагындагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Айта кетсек, Космосбек Чолпонбаев 20-апрелде саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: