super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Тургун: "Ысык-Көлдөгү бороондуу шамалда жардан 37 жылкы кулап өлүп, 600 миң сомдук зыян тарттык"

 

23-майдан 24-майга караган түнү катуу жааган жаан жана бороондуу шамалдан улам жардан кулап өлгөн 37 жылкы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургуну Таалайбек Дүйшеевге жана анын туугандарына таандык болгон. Бул тууралуу жылкылардын ээси бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, өлгөн жылкылардын ичинен 5 бээ жана 5 кулун ага тиешелүү болгон.

Менин жылкыларым чоң болчу, калган жылкылар менин туугандарымдыкы эле. Жалпысынан 2 үйүр жылкы жардан кулаптыр, 2 үйүр жылкыдан 2 айгыр, 2 бээ аман калды. Мындан тышкары кар калың жаап суук болгондо минип жүргөн атым да баспай калып, тоңуп өлдү. Орто эсеп менен 300 миң сомдон ашык зыянга учурадым, туугандарым да ушундай эле зыян тартышты. Эми бизге өкмөт тарабынан жардам болобу аны билбейм”, - деди Дүйшекеев.

Ысык-Көл облусунун бардык аймагындагы калың жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен кырылган мал-жандык боюнча келтирилген материалдык чыгым 20 миллион 327 миң 680 сомду түзгөндүгүн ӨКМ кабарлаган.

Бул боюнча өкмөттүн Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө байланышканыбызда, келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу үчүн тиешелүү жактарга сунуш айтылып, бул маселе жакында карала тургандыгын билдирди.

"Бул окуяга байланыштуу колдон келген жардам көрсөтүлдү. Облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен биргеликте бардык райондордогу малчылардан кабар алдык. Бизде атайын өзгөчө кырдаалдарга деп бөлүнгөн каражаттар бар, ошолордун эсебинен чөп, күйүүчү май жеткирилген. "Тез жардам" кызматы менен барып, малчылардын ден соолугунан да кабар алдык.Чыгымдын ордун толтуруу үчүн жакында тиешелүү жактарга дагы сунуш айтылат. Учурда бул маселе биздин күн тартипте", - деди өкүлчүлүктүн маалымат кызматы.

Эске салсак, 28-май күнү окурман Ысык-Көл районунда кырылып калган мал-жандыктын сүрөт-видеолорун "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөткөн.






Чырпыкты айылында сууктан өлгөн мал-жандык

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
28.05.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
байкуш малдарга боорум ооруп кетти
30.05.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зекет беруу керек эле.
31.05.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muzik,эн туура айтасын.Калгандарыбыз да кеч боло элегинде зекет беришибиз керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: