super.kg logo

УКМК: "Бишкектин түштүк тарабындагы муниципалдык жерлерди колдонуу укугун мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды"

 

Бишкектин түштүк тарабындагы муниципалдык жерлерди колдонуу укугун мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,

"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы "Кыргыз курулуш сервис" мамлекеттик ишканасына бекитилип берилген 187 гектар муниципалдык жер тилкелерин колдонуу укугу жеке жана юридикалык жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталды. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жана "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схемалар да белгилүү болду.

Бул факты боюнча апрель айында Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын сентябрь айында ЖЧКлардын биринин өкүлүнүн берген арызынын негизинде "Бишкек башкы архитектура" тиешелүү документтери жок эле 2 гектар 868 сотых тилкени көп кабаттуу объектини куруу үчүн ижарага берүү боюнча уруксат бергени аныкталган.

Ошондой эле ал жерде Мамлекеттик экспертиза Департаментинин уруксат берүүчү корутундусу жок эле көп кабаттуу элиталык турак үйлөрдү куруу-монтаждоо иштери башталган.

Ушундай эле жолдор менен Бишкек шаарынын Түштүк аймагында жайгашкан башка жер тилкелери да жеке жактарга бөлүнүп берилген. Бул участоктордо дагы көп кабаттуу элиталык үйлөрдү куруу иштери башталган.

Жер тилкелерин базар баасынан арзан ижарага берүүнүн жыйынтыгында шаардык бюджет миллиондогон сом чыгымга учурап, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген.

Учурда кылмыш иштеринин алкагында тергөө уланып жатат жана жер тилкелерин берген башка фактылар да такталууда", - деп билдиришти басма сөз кызмсатынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.05.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэр Албек мырза да учканы калыптырда. Учту учту ким учту ойуну башталды. Эми ошол чуулгандуу коруппциялык иштердин арты эмне болоорун жазаланаарын элдин ишеничин максатын аткарышса экен азыркы бийлик элдин умуту чон аларга.
31.05.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аныктап эле атасыңар, аныктап эле атасыңар, качан жоопко тартасыңар?
31.05.2018. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул иштердин акырына чейин чыгарып жегичтерди жоопко тарса экен президент. Умутубуз чон Сооронбай Шариповичтен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: