super.kg logo

Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Нурлан Дарданов дайындалды

 

Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Нурлан Дарданов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп Нурлан Дарданов дайындалган.

Айта кетсек, буга чейин башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Нурлан Дардановдун өмүр жолу:

Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин "юрист" адистигин бүтүргөн. Юстициянын I класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1993-жылы — Талас райондук сотунда ага сот аткаруучу;

1996-1997-жылдары — Талас райондук прокуратурасында үйрөнчүк-тергөөчү;

1997-2005-жылдары — Талас облустук прокуратурасында кызматкер;

2005-2006-жылдары — Талас облусунун прокурорунун орун басары;

2006-2010-жылдары — Талас облустук прокуратурасында кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

2010-2013-жылдары — Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун прокурору;

2013-2016-жылдары — Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

2016-2017-жылдары — Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын башчысы;

2017-2018-жылдары — Нарын облусунун прокурору;

2018-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: