super.kg logo

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБдин кыш мезгилине карата даярдык иштерин текшерди

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-майда Бишкек шаардык ЖЭБге жумушчу сапар менен барды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, анда ишкананы келерки жылытуу мезгилине даярдоо боюнча оңдоо иштеринин жүрүшү жана турбиналык жана буу казандар цехинин, жаңы блоктордун машиналык залдарынын жана ЖЭБдин негизги башкаруу щитинин иши менен таанышты.

Андан соң ал химиялык суу тазалоочу цехтин курулушу үчүн каралган тилкени көрүп чыкты. Учурда аталган тилкедеги монтаждык иштер архитектуралык-пландаштыруу шарттарын алуу зарылдыгына байланыштуу токтотулган.

Мухаммедкалый Абылгазиев химиялык суу тазалоочу цехтин курулушун белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышын камсыздоо үчүн макулдашуу жана тийиштүү уруксат документтерин алуу маселесин тездетүүнү тапшырды.

ЖЭБ директору Андрей Воропаев маалымдагандай, жылуулук борборун модернизациялоо негизинен электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмүн жогорулатууга багытталган. "ЖЭБдеги жылуулук энергиясын иштеп чыгуу кубаттуулугу мурдагы бойдон калды", - деди Андрей Воропаев.

Ал ошондой эле ТВЕА компаниясы менен келишимдин негизинде жаңы блокторду иштетүүнүн кепилдик мөөнөтү 12 айды түзөрүн билдирди. Калган сапат кепилдиги мезгилин түзгөн 12 айда Бишкек ЖЭБ кызматкерлери ТВЕА компаниясынын персоналынын көзөмөлүндө иш алып барат.

Өкмөт башчы жылуулук борборун башкаруу үчүн жергиликтүү адистерди окутуу зарылдыгын белгиледи.

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча премьер-министр Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, энергетикалык компанияларга жана кызыкдар мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча ведомство аралык комиссиянын корутундусун аткаруу боюнча чараларды кабыл алууну, ошондой эле антикризистик иш-чаралар планын так сактоону тапшырды.

Ошондой эле "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы жана "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилерине жылуулук менен камсыздоо максатында оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча жыйынтык чараларды кабыл алуусу тийиш экенин тапшырды.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө бир жумага жакын убакыт жылуулук берилбей калган. Жарым жыл мурун оңдоодон өткөн ЖЭБдин бузулушу, курулуш иштери үчүн алынган 386 миллион доллар кайда жумшалганы кызуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, Жогорку Кеңеш токтом долбоорун кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаңы болгон жери көрүнбөйт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: