super.kg logo

Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн 20 жаштагы жаран Бишкектен кармалды

 

2017-жылы адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн 20 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылдын октябрь айында Жумгал районунда катталган. Анда 57 жаштагы С.Э. аттуу жергиликтүү тургун менен шектүүнүн ортосунда өз ара пикир келишпестиктен улам С.Э.ге бычак сайылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканада жарым ай дарыланып, андан соң каза болгон.

"ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөн жигит тууралуу ыкчам мүнөздөгү маалымат алышкан. Анда жогоруда көрсөтүлгөн жаран оор кылмышты жасагандагы үчүн издөөдө жүргөндүгү маалымдалган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын Аламүдүн районунда жүргүзүп, натыйжада Нарын облусунун Жумгал районунун 1998-жылы туулган Н.уулу.Э. аттуу жашоочусун колго түшүрүшкөн. Кармалган жаран Жумгал РИИБи тарабынан 2017-жылдын ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөгө алынган", - деди маалымат катчы.

Азыркы учурда Н.уулу.Э. Жумгал РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2018. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не уулу Э толук эле жазгылада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: