super.kg logo

Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин агасы: "Бул окуя үчүн баарынан кечирим сурайм"

 

Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин бир тууган агасы окуя кандайча болуп кеткенине түшүнө албай жатканын айтат.

Анын айтымында, каргаша болгон күнү иниси кызды ала качып бара жатканынан кабары болгон эмес.

"Бурулайды май айынын башында ала качкан эле. Себеби иним экөө үч жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Өзүм ачуу басарына кыздын үйүнө келдим. Бул үйдүн ээси менен чогуу иштешип калгандыктан, мамилебиз жакшы болчу. Биз барганда эле "кыздын көңүлү бар бекен" деп сурашты. Мен ага чейин иниме ишенбей кыздын өзү менен да сүйлөшкөм. Ал көңүлү бар экенин айткан болчу. Ошондуктан "Бурулай менен сүйлөшкүлө, өзү айтсын" деп телефон чалып бердим. Эжелери жана кыздын атасы болуп башка бөлмөгө барып сүйлөшүп келишти да, бизге мындай дешти. "2 айдан кийин кулагына сөйкө салып, той кылып алып кеткиле, азыр кызыбыз үйгө келсин" дешти. Мен алардын бул сөзүн сыйладым, анан аларга ишенип иним кызды алып, Талас облусуна кирип бара жаткан жеринен артка кайтардым. Кызды түнкү саат 1де жакшынакай кылып жеткирип келип бердим", - деди кылмышкердин агасы.

"Мен өзүм бул каргашалуу окуяны кыздын эжелеринен уктум. Укканым боюнча кызды түнкү саат 10до ала качкан, ал эми 12де посттон кармалышкан. Бурулайдын каза болуп калганын түнкү саат 4тө билдик. Азыркы учурда аларга да, бизге да абдан оор болуп турат. Кыздын жакындарына сабыр тилейм, инимдин күнөөсү үчүн баарынан кечирим сурайм", - деди ал.

"Бул иште милиция кызматкерлеринин күнөөсү чоң. Эмне үчүн бир бөлмөгө экөөнү жалгыз киргизип койду? Бычак кайдан келди? Өздөрү билгендей эле ошол убакта Биринчи Май РИИБине кыз урдоо менен арыз түшүп, анан иним жолдон кармалды да. Эмнеге ошол учурда аны шектүү деп санап, колуна кишен салып, текшерүүгө алган эмес? Эми болсо 30 сантиметр болгон бычак менен сайыптыр деп жатышат. Ошол бычакты текшерүүгө албай РИИБге киргизген кимдер? Бул ошол жумушта иштегендердин шалаакылыгы. Эгер алар коопсуздукту ойлоп, текшерүүгө алганда мындай окуя болбойт эле да", - деди милиция бөлүмүндө кызга бычак сайган жигиттин агасы.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(19)
31.05.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Пай пай пай ото чатак иш болуптур. Кыздын туугандарына сабыр тилейм. Баланынын туугандарына дагы оор болду.
31.05.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кечирим сураганыңарго жакшы. Бирок иниңер ойлонбой жаман иш жасап койду анын жообун мыйзам чегинде бериш керек. Бир кыздын он гүлүнүн бири ачыла элек кууратып жакындарын сыздатып койду. Ошол убакта шалаакылык кылган милиция кызматкерлери да жооп берсин.
31.05.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен ушул окуяны башынан эле окуганда ойума келди эле. Бул бала менен кыздын 3 жыл суйлошуп жургону чын эле окшойт. Кыздын ата-энеси да коп нерсени кызы учун чечип коюшкан ондуу. Башка балага турмушка бергени жатышса. Баланын да аябай кыска ой жугурткон да.. эми кызуу кандуу жаш бала дейин десен да 29 жаш кичине акыл токтотуп калган курак го... аттин... бири наркы дуйнодо болсо экинчиси, нары жакта эмес же ьери жакта эмес ортодо.кандай болгон кундо да бир кудай ьир ошол кыз и бир бала билишет..
31.05.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул жерде бала бычактаган эмес менин ойумча ХХХХХХХХ болушу мумкун экоонк бир болмого кантип камайт баланы камаса да кызды неге камайт кызды ата энесине откоруп бериш керек да бул жерде бир сыр бар милициялардан эле кумон санап жатам мен
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-01 10:38:45
31.05.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chyngyz-40,жогоруда Азатбек айткандай сен дагы дөөдүрөп коюпсун.Кыздын жакындарына сабыр тилеймин.
31.05.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын жакындарын сабыр тилейм
31.05.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30га чыгып чон эле киши болуп калыптыр акыл ээси жайында болсо жапжаш кызга эмнеге бычак сайат эмнеге ата энеси каршы болсо неге ала качат
31.05.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Агасы эркекче суйлоптур.Туура милициялар ишти олтургон.Жазасын алсын милициялар.
31.05.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кызды неге камайт.Баланы камагандан кийин.Кызды уйуно коё бериш керек болчу.Бул жерде бир сыр бар.
31.05.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бала ХХХХХХХХХ
Же сүйүүсүнө жетпеген бир милиция болсо керек да,махабатты сыйлап,экөөнө боору ооруй калып сүйлөшсүн деп калтырып койгон.
Чынында мындай иш болушун күткөн эмес да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-01 09:42:06
01.06.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми по факту алып караганда Милиция кызматкерлери да куноолу.. экоону эки башка кабинетке кармашса болмок.. бир чети милиция деле адамдар, балким экоо суйлошуп алышсын дегендир... кантсе да учунчу жолу ала качып атса, калппы чынбы 3 жылдан бери суйлошуп журушсо. Милиция кызматкерлеринде деле жаман ой келбесе керек баштарына.. тем более бычак саят деп. Шалаакылык да бул жерде...
01.06.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр тилеймин баарына, Баланын агасына баа бердим азамат,кырсык каш кабактын ортосунда дейт, Тушунугу жогору инсан экен...
01.06.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негиз 2 жаш бирин бири тандаган сон ата -энелер кийлигишпесе абдан жакшы эле болмок.. былтыр деле Нарында бир бала асынып алды эле го.. аны да ата-энеси кыздан корушуп.. ошол кыз олтуртуп анан асып койду деп. Анткени алар баласын ад кыздан алыстатыш учун коп аракет кылышкан. А бала больой эле кызга бара берген. Акыры кудайга тапшырып биротоло ажыратып тынышты..бул жерде деле ата-энесинин анча мынча кийлигушуусу ьар го... сабыр тилейм.. эки жактын тен ата-энеси, биртуугандарына
01.06.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам деген мыйзам болуш керек - жашына, жынысына же жакшыбы жаманбы дебей, мыйзам чегинде жазасын алыш керек куноолуу болсо.
01.06.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул менин суйлошкон кызым жон эле ата энесинен коркуп назданып жатат биз бир- бирибизди суйобуз десе ишеништи да менттер деле. Айбандык кылат деп эч бир адам ойлобойт да. Жапжакшына суйлошуп эле алып кетип баратаам азыр 2 мунот суйлошуп алайын деди да бычак менен жарып салды.
01.06.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирим сураганыңар кызды тирилтпейт.
01.06.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тараптуу куноолой беруу туура эмес. Бул экоонун баш кошуусуна ата-эне кыздын каршы чыккандай.Бала тараптын да туугандарынан маалымат алуу керек. Эн негизги куноо милициянын тергоочусундо.
01.06.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бала 30га барып калса элдин алдында уят болом деп кызды да озунда олтуром деп чечкенго. бул жерде 100℅ милиция куноолуу. кыз уурдап бара жатат деген шек менен кармагандан кийин. кшен салып тинтуу кылып камерага камап койбойбу. эмнеси болсодо баланы да тергоочуну да жоопко тартуу керек экоо соучастник. кыздын ата-энесине сабыр берсин. ата-энеге баланын куйутун котсотпосун Кудайым.
03.06.2018. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноону ар кимден издебегиле!Куноокор так инин,анан милиция куноолуу деп,милиция деле адам балким суйлошуп алалы деп жанын койбосо керек ХХХХХХХХХХХ инин
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-03 11:47:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: