super.kg logo

Кыргыздын алгачкы өлкө башчысы Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табыла электигине депутат нааразы

 

Абдыкадыр ОрозбековКыргыздын алгачкы өлкө башчысы Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү дале табыла элек. Мындай маалыматты бүгүн, 31-майда парламент жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Орозбековдун сөөгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен УКМК издеп, бирок документтер жок болуп кеткендигинен токтотулган.

“Абдыкадыр Орозбеков Кыргыз автономиялуу республикасын түзүүгө чоң салым кошкон. Бул кийин Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөргөн. Ал кыргыздын алгачкы жетекчиси да болгон. Орозбеков эл душманы катары Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана Касым Тыныстанов менен бирге атылып кеткен. Кийин акталган. Бирок анын кайсы жерге көмүлгөнү жөнүндө эч кимде маалымат жок.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда УКМКга анын сөөгүн табуу боюнча тапшырма берилген. Бирок алардан “Орозбековго тийиштүү документтер жок кылынган” деген жооп келген. Бул инсандын 130 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүнү өкмөттөн суранат элем”, - деди Мадеминов.

Эске салсак, Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы азыркы Баткен облусунда туулган. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1938-жылы жалган жалаа менен атылып кеткен. 1956-жылы акталган. Азыркыга чейин сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
31.05.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чыныгы мекен үчүн күйгөн саясатчы деп ушуларды айтыш керек.
31.05.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын Мадеминов.. маараке откоруу да акча... анчалык акчан ашып ташып атса, жанакы Азамат Байматов деген байкеге берип койгулачы.. силерге караганда ощол кишинин пайдасы коп
Тийип атат карапайым элге. Бир эки муктаж адамга уй салып ьерип жардам берип коет..
31.05.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менимче жуз жыл ,мин жылдык деген маарекедлерди токтотуш керек. Асманга акчаны чачып коюу менен барабар бул маарекелер. Депутат акчасы коп болсо озунун акчасына мал ссоюп куран окутуп койсун. Маараке саараке девей
31.05.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кулкунду эле келтиришет да, УКМК соок издеп калганбы азыр? алар тируу кылмышкерди издесе керек дейм да. Аны издоого акылга бай кары адамдан жана мыкты эски тарыхчылардан дайындаш керек да.
31.05.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми кайда комулсо да жайы жаннатта болсун. Атылып кеткен сон кайсы бир жерде комулуу жатат да. Башкысы эл анын салымын, ким экенин унутпаса болду. Анан 110, 120,130, 140 жылдык деп тойгуздунар ачыгы...

Силерди келет деп жергиликтуу бийлик катар катар жылкы соет, боз уй тигет ж.б. Чыгымды баягы эле бюджетниктер которот. Ошондо "Каныбек" романындагы чортамандардан айырмасы кайсы бюджетниктердин... Токтоткула мындай жосунду!!!
31.05.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал кишиге арнап бир кара союп, Куран окуп, эл отурган жеринде эскерип койсо болот. Теоеканалдар ошол кишини эскерууго арнап телеберуу даярдасын. Ошол жетиштуу... Анан маараке деп барган жеринерде жеп-чычып жургондон уялгылачы!!!
01.06.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кишинин юбилейин өткөрөбүз дейт, кимдин каражатынан, мен, сиз төлөйбүз го салыктан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: