"Мегакомдун" жетекчилери айына 700 миң сом алышса, мугалимдер болгону 7-8 миң сом алат" дейт депутат
"Кыргызтелекомдун" башчысы айына 100 миң сом, "Мегакомдун" жетекчилери 700 миң сомдон алышат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жамангулов билдирди.
"Эмненин негизинде бул мамлекеттик компаниялардын жетекчилери чоң көлөмдөгү айлыктарды алышат? Кайсы көрсөткүчтүн негизинде алардын айлык маяналары жогору? Күнү-түнү иштеген мугалимдердин айлыгы 7-8 миң сом. 10 жылдык тажрыйбасы бар академиктер 10-15 миң сомдон көп алышпайт", - деди Жамангулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Эми Мегаком мамлекеттик компания болгон сон Окмот андагы маяналарды козомолдошу керек болуучу. Эн жогорку маяна 1000$ болсо да тушуном, ошого ылайык жоопкерчилиги бар деп. Бирок 100 мин, 700 мин сом маяна дегендери ото эле ашыкча.
Учурда Кыргыз-Орус фондунун башында ким турат?!! Кулматов ошол фондду жетектеп турганда ай сайын 15 000$ дан (1 миллион сомдон ашык) маяна алып келген. Азыр анын ордуна ким отурса да, ал да ошол айлыкты алып жатса керек. Ошону эмнеге суруштурушпойт?!!
Ушул фонддо ото эле коп коррупциялык махинациялар ишке ашып жатат. Ошону эмнеге Поркуратура, Фин.пол, УКМК, эсеп палатасы ж.б. корбойт дейм да...