super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Мамлекет батирлерди адилетсиз бөлүштүрүүдө"

 

Мамлекет батирлерди адилетсиз бөлүштүрүүдө. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга каражат таап, турак жайларды куруу ишин улантуу керектигин баса белгиледи.

"Жакында Мамлекеттик ипотекалык компания акча жоктугуна байланыштуу арзан турак жай программасын убактылуу токтотконун жарыя кылган. Аны менен бирге өткөн жылдын ноябрь айында маданият кызматкерлери үчүн деп курулушу башталган 4 үйдүн курулушу да токтотулуптур. Бул туура эмес. Ошол эле кезде прокуратура, күч органдарынын кызматкерлерине канча акысыз батир берилгени боюнча өкмөттөн маалымат алдым. Арзан турак жайдан сырткары үйлөрдү бөлүштүрүү адилетсиз жүрүп жатат.

Өкмөт акча таап, арзан турак жай программасын улантуусу керек. Анткени миңдеген врачтар, мугалимдер, маданият кызматкерлери жана мигранттар эптеп арзан пайыздагы насыя менен үйлүү болсок деген үмүттө жүрүшөт. Ошол эле кезде салыштырып көрсөк, прокуратура кызматкерлери мугалим жана маданият кызматкерлерине окшоп араңдан тапкан айлыгына жашайбы? Андай эмес. УКМК тарабынан кармалган бажычылардын кандай үйдө жашаганын билебиз. Албетте, күч органдарынын кызматкерлери да үйлүү болуп, мамлекетке кызмат кылышы керек. Бирок 30-40 жыл мектепте же ооруканада иштеп, 5-6 баласы менен батирде жашагандар толтура да.

Мугалимдерге эмнеге үй курулбайт? Маданият кызматкерлерине жаңыдан куруп баштаганда ага да акча жок болуп таштап коюптур. Жаңы келген премьер-министр жок дегенде каражат таап, мурдагылардын ишин улантуусу керек да. Коррупция менен күрөшүү аркылуу бюджетти толтуруп, күз келе электе ишти улантуусу керек", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: