super.kg logo

Базар-Коргондо айдоочулар төлөгөн айып пулдарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактылары аныкталды

 

Базар-Коргон райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу (ЖККК) бөлүмүнүн жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлери акча каражаттарын ыйгарып алып турган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун "Кыргыз почта" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 440 даана протоколдордун жетишсиздигин жана 175 даана административдик укук бузуу жөнүндөгу протоколду жасашкандыгы аныкталган.

"Почта бөлүмүнүн кызматкерлери менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча жалган административдик чараларды каттап, айыптарды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарын ыйгарып алып турушкан. Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян болжол менен жарым миллион сомго жакын сумманы түздү", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык) жана 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
31.05.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жегичтер...
31.05.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жол козомолдоо кызматын жоюп камерага отуш керек тажаттын бок курсактар
31.05.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Почтанын баарын текшергиле
31.05.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гаини кереги жок озу ким кошулат камера коюш керек анан кыскартыш керек Гаинин санын....
31.05.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айдоочулардын копчулугу ГАИ ни когрондо кыжыры келип турат, бул чындык. оз айы келип калганда ни за что штраф сала коёт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: