super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Биринчи Май райондук администрациясы: "Бишкектин борборундагы эскилиги жеткен үй быйыл оңдолот"

 

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эскилиги жеткен үч кабаттуу үй быйыл оңдолот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Канат Бейшебаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Ал үй 4-5 жыл мурда жеке менчикке өтүп кеткен. Аталган үй 1960-жылы курулуп, 24 батири бар болчу. Учурда 5 батиринде тургундар жашаса, калгандарын тейлөөчү жайга айлантып алышкан. Үйдүн ээси бизге оңдоп-түзөө боюнча кайрылган. Жеке менчик болгондон кийин райондук администрация кийлигише албайт. Мындан улам биз аларга смета түзгүлө, каражат жетпесе грант таап беребиз дегенбиз. Ошондон кийин алар смета түзүп, оңдоо иштерине 2 миллион каражат керектелерин айтышты. 24 батир үчүн бул чоң сумма. Анын үстүнө чатырын дагы алмаштырыш керек. Акимиатта андай каражат жок. Үйдүн ээси менен сүйлөшүп, түзөтүү керектиги айтылган. Буюрса, быйыл оңдоо иштери жүргүзүлөт", - дейт Бейшебаев.

Белгилей кетсек, окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Бишкектин борбордук бөлүгүндө ушундай абалдагы үйдүн турушу кароосуз калган шаарды элестетет деген билдирүү жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: