Кыргызстанда баңгизат колдонуучулардын 70 пайызы ийне сайынышат
Кыргызстанда баңгизат колдонуучулардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин жылдык отчётунда жазылган. Министрлик билдиргендей, акыркы 5 жыл ичинде баңгизатын колдонуучулардын саны 1,3 эсеге көбөйгөн. Алардын 70 пайыздан ашыгы баңгизатын ийне сайынып колдонушат. Тактап айтканда, 7935 киши баңгизатты ийненин жардамы менен колдонот деп каттоого алынган. Мындай ыкманы колдонуу ВИЧ инфекциясын жайылтуунун негизги куралы болуп эсептелет.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

