super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алиярбек Абжалиев: "Азыр саясий чечим болуп эле бирөөнү алып барып камап коюп жаткан жок"

 

Коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон. Өлкө башчы болуп шайлангандан кийин да бул убадасын эскертип айтып келет. Акыркы мезгилде бир нече аткаминерлерге айып тагылып, кылмыш иши козголду. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов бар.

SUPER.KG порталынын "Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?" деген соболуна депутат Алиярбек Абжалиев төмөнкүдөй жооп берди. Ал коррупцияга каршы күрөш аягына чыгат деп ишенүүдө.

"Учурда чыныгы коррупцияга каршы иш жүрүп жатат. Парламентте саясий жагы айтылат. Калган ишти күч органдары алып барат. Менин оюмча, фактылар өзү эле көрүнүп турат. Элде "мурункудай айтылат, анан эле калып калат" деген түшүнүк болуп калган. Баары аягына чыгат деп ишенем. Дагы көп нерселер чыгат. Азыр саясий чечим болуп эле бирөөнү алып барып камап коюп жаткан жок. Иш тергелип, анан чечим чыгууда. Бүгүнкү күндө президентибиз Сооронбай Жээнбековдун да, парламенттин да, өкмөттүн да ою, ниети жакшы", - дейт Абжалиев.

Депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Зиядин Жамалдинов, Максат Сабиров жана Айсулуу Мамашованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: