super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зиядин Жамалдинов: "Экс-президенттин кадрларына кылмыш ишинин козголушу жөн гана дал келүү"

 

Коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон. Өлкө башчы болуп шайлангандан кийин да бул убадасын эскертип айтып келет. Акыркы мезгилде бир нече аткаминерлерге айып тагылып, кылмыш иши козголду. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов бар.

SUPER.KG порталынын "Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?" деген соболуна депутат Зиядин Жамалдинов төмөнкүдөй жооп берди. Жамалдиновдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөштүн күчөшүндө депутаттардын да салымы бар.

"Коррупция менен күрөшүү президенттин талапкер болгондогу бирден бир багыты болчу. Шайлангандан кийин бул ишти баштады деп айтсак болот. Кудай бизге жол ачып берип койду. Мына ЖЭБ маселеси чыгып, депутаттык комиссия түзүлүп, ал жердеги бардык туура эмес иштерди алып чыкты. Жогорку Кеңештин тарыхында мындай окуя болгон эмес. Көбүнчө депутаттык комиссия аягына чыкчу эмес. Азыр эми депутаттардын сунушу менен буга чейинки курулуштар кайрадан иликтенип чыгып, баалар кымбат коюлганы далилденүүдө.

Сапар Исаковдун, Кубанычбек Кулматовдун жана башка экс-президенттин кадрларына кылмыш ишинин козголушу - бул жөн гана дал келүү. Жакында эле "Ата Мекен" фракциясы музей маселесин көтөрүп чыкты. Ал жерден да Исаковдун аты чыгып жатат. ЖЭБге тийиштүү деп мектепти иликтесе, Кулматовдун ысымы чыгып жатат. Мурдагыдай куугунтук болуп жатат деп айта албайм", - деди Жамалдинов.

Депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Айсулуу Мамашова, Максат Сабиров жана Алиярбек Абжалиевдин пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: