super.kg logo
  Саясат  

Нарында “Теңир-Тоо-2013” аттуу инвест форум болуп өттү

 

21-июнда Нарын шаарында “Теңир-Тоо-2013” аттуу инвест форум болуп өттү. Маалыматка ылайык, аталган форум 2011-жылы алгач ирет өткөрүлүп, жылына облуска инвестиция тартуу аракети башталган. Натыйжада чакан жана ири бизнес долбоорлору ишке ашып, облустун райондоруна бир канча инвестициялар тартылган. Быйылкы инвест форумга экономика министри Темир Сариев жана бир катар бизнес жаатындагы өкүлдөр, район акимдери катышты. Нарын облусунун инвестициялык потенциялы бүткүл өлкөнүкүндөй”,- деди анда сөз сүйлөгөн Темир Сариев. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө облусту өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. “Жакында Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулуш иштери башталды. Буюрса, алдыда теңир-тоолуктар үчүн жакшы иштер башталганы турат”,- деген Муратбеков форумдун жыйынтыгында өкмөттүн облустагы өкүлү “Жогорку Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коому менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: