super.kg logo

Депутат өкмөттүн социалдык тармагын аял киши жетектеп жатканына нааразы болду

 

Алтынай Өмүрбекова"Өкмөттүн социалдык тармагын эркек киши жетектеш керек". Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 1-июнда КСДП фракциясынын жыйынында айтты.

Анын айтымында, буга чейин ушул тармакты тескеген вице-премьер-министрлер жакшы иш алып бара алган эмес. "Негизи спорт тармагын эркек киши жетектегени туура экен. Элвира Сариева, Чолпон Султанбекова жана башка өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген вице-премьерлер учурунда спорт тармагында жакшы иш жүргөн эмес", - деди Момбеков.

Андан сырткары эл өкүлү өкмөттүн баяндаманы кыргыз тилинде жасап, бирок маалыматтар кагазда расмий тилде берилгенине нааразы болду. "Буга чейин эле кыргыз тилинде бергиле дедим эле го. Эмне кыргызча даярдагандар билбейби7 Шылдыңдаганыңарбы бул? Бизге жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү айтпайсыңарбы? Канат Бегалиевдин айлыгынын эмне кызыгы бар бизге", - деп кошумчалады Момбеков.

Учурда КСДП фракциясы өлкөдөгү спорт, дене тарбия жана жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоодо. Жыйында өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баяндама жасады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: