super.kg logo

Улуттук статистика комитетинин төрагасы: "Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда аны менен бир гана ирет жолугушкам"

 

Өкмөт Улуттук статистика комитетине өгөй баладай мамиле кылууда. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Султанов Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинен башка бүт мекемелерде иштөөгө толук шарттар түзүлгөн.

"Урматтуу депутаттар, бизге келип көчмө жыйын өткөрүп, көңүл буруп жатасыздар. Бирок биз өкмөткө өгөй балага айландык. Анткени бизден башка бүт мекемелерге барсаңыздар, отурган дивандары, эмеректери, имараттары жаңы, айлыктары дагы жакшы. Ал эми бизге көңүл бурулбай жатат", - деди Султанов.

Ошондой эле Султанов Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда бир гана ирет жолугушканын айтты. "Мурун премьер-министрлер ай сайын кабыл алып, жыйын өткөргөндө биз берген маалыматтарды алышчу. Чынын айтканда, Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда мени бир гана ирет кабыл алды", - деди Султанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
01.06.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ГАИни соккондой кылып сокпосун деп кабыл албаса керек эле да Сары бала дагы
01.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр эптеп ишинде калыш,бироолорго жагыныш учун Сапарга асыла баштады...Мурун жамгыр жааса да Бакиевге ,чалынып кетсе да Бакиевге шылтачу..азыр ошол эле адамдар Сапарга асыла баштады..Эркек болсон ошол мезгилде айтпайт белен..Булар саясаттагы ХХХХХХХХХ.ким келсе ошонун ХХХХХХХХХХ Андан коро иштегиле ар шылтоону айтпай, мыкты менеджер,ЖОКТОН БАРДЫ ЖАРАТКАН менеджер келмейин, диваным эски, креслом кочугумо отуп кетти, акча бер деп долулонуп олтура беришет..Иштеген жеринди онуктурсон иште болбосо..
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-01 15:27:37
01.06.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптеп эле коррупция деген тушунукту жамынып алышып АШАнын адамдарын камап жатышат. Биринчи Сапарды жамандап туруп, элдин психологиясына жаман ойдорду калдырып туруп анан атайлап жасалма каралап жатышат. Сокенин политикасы гана журуп жатат.
01.06.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
i1urp, Жашоо ушундайда камаш керек болчу дагы камаган жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: