super.kg logo
  Саясат  

Игорь Чудинов депутаттык мандатынан кол жууйт. Анын ордуна Бактыбек Турусбеков келмекчи

 

1-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жана мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин иши каралып, сот Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Игорь Чудинов мандатынан ажыратылат. Партиянын тизмеси боюнча анын мандаты Салима Амракуловага берилиш керек болчу, бирок ал мындан 2016-жылы баш тартканы белгилүү болду. Андан кийинки турган Нурболот Мирзахмедов жакында эле өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. Мындан улам бош калган мандат Бишкек шаарынын мэриясынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Бактыбек Турусбековго берилери күтүлүүдө.

Айта кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Ал эми Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: