super.kg logo

"Кызым мектепке кеткен бойдон 16 күндөн бери кайтып келе элек, табууга жардам сурайм" дейт дайынсыз болуп жаткан Айжамалдын апасы

 

Айжамал Токтогулова 16 жаштагы Айжамал Токтогуловага жакындары издөө жарыялайт. Ал мындан 16 күн мурун Чүй облусунун Москва районундагы айылдардын бириндеги үйүнөн мектепке барам деп чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин апасы Адиля Өмүркулова SUPER.KG порталына билдирди.

Апасынын айтымында, ошол күнү ал үйдөн чыкканы менен мектепке барган эмес.

"Кызым - абдан токтоо, боорукер, ишенчээк жан. Буга чейин башка өспүрүм кыздардай болуп телефонго азгырылып, интернетте көпкө отурганын көргөн эмесмин. Өзү телефон колдонбойт, керек учурда менин смартфонумду алып колдончу. Мындан улам "Буга чейин эч ким менен байланышып сүйлөшпөсө, кайда кетиши мүмкүн?" деп башыбыз катты.

Ошол күнү мектеп формасын кийип, сиңдиси экөө мектепке кетишкен. Сиңдиси келип, ал келген жок. Андан кийин мектепке барып сурасак, сабакка келген жок дешти. Кайсы жерден издешти такыр билбей, көчө, арыктарды Бишкекке чейин бүт издеп чыктык, табылган жок. Ошол күнү үйдөн чыгып кеткенден жарым саат өтүп, бир кошунабыз Александровка айылынан көргөн экен. Анда ал ак футболка, кара шым кийип алыптыр, артында асынган рюкзагы бар", - деди Өмүркулова.

Айтымында, Айжамал уруксатсыз бир да жолу үйдөн чыккан эмес. Кайда барса да апасына айтып кетип, айткан убагында кайтып келип турган.

"Же бир жигитке азгырылдыбы деп ойлонууга да себеп жок, себеби буга чейин анын балдар менен сүйлөшкөнүн уккан эмесмин. Эгер сүйлөшсө мага билинмек да. Үйдөн катуу урушуп койдукпу дейин десем, үйдө чыр деле болбойт. Эми бардык эле эне айрым учурда балдарын тарбиялоо максатында тилдейт, андай нерселерге кызым таарынчу эмес.

Атасы да, мен да ичкиликтен, ызы-чуудан алыс адамдарбыз. Кызымдын үйгө келбей калганы бизге туңгуюк болуп турат", - деди ал.

Айжамал быйыл 10-классты бүттү. Ата-энеси туугандарынын баары менен кабарлашып, сурап чыгышкан. Бирок баары "Айжамал бизге келген жок" деп жооп беришкен.

Апасы: "Буга чейин эл эмне дейт деп өз алдыбызча эле издеп жаттык, акыркы 5 күндөн бери түнкүсүн такыр уктай албай калдым. Милицияга да арыз жазганбыз. Азырынча дайыны белгисиз".

Айжамал ак жүздүү, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Үйдөн мектеп формасы менен чыгып кеткен. Кийин ак футболка, кара шым кийип, артына рюкзак асынып жүргөн.

"Кызымды көргөн билгендер же дайынын билгендер болсо, бизге кабарлап коюусун өтүнөбүз", - деди дайынсыз болуп жаткан Айжамалдын апасы.

Байланыш үчүн Адиля Өмүркулованын номери: 0555 18-68-81.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.06.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Аман эсен табылып калышын АЛЛАХТАН тилеймин. Эч бир ата эне балам деп куйбосунчу.
01.06.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Тенирим жалгап табылып калсын. Туугандарына эле жаман.
01.06.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
i1urp, кайсы тенир,? Тенир деген Ким?
01.06.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудайым өзүң сактай көр, аман эсен табылып калсын
01.06.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр коркосун балдарды бир жакка жибериштен. Аман эсен табылып калса экен!
02.06.2018. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай өзү сактасын ,эмне болду экен? Табылып калсын (((
02.06.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табылып калсын.
02.06.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектеп формасы менен чыгып кетсе кийин ак футболка рюкзак... иши кылса РФ тарапка кетип калбады бекен? Аман эсен табылып калсын эми.
02.06.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тенирим озу колдоп табылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: