super.kg logo
  Саясат  

Депутат Руслан Казакбаев: "Кытайга жердин берилишинин саясатташып кеткени өкмөттүн шалаакылыгынан болду"

 

Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.

SUPER.KG порталынын "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген соболуна парламенттин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев төмөнкүдөй жооп берди.

"Мындай жерлердин баары эл аралык келишимдин негизинде берилиши керек. Менин маалыматыма караганда, Кытайга 3 гектар жерди ижарага берүү боюнча келишим 2003-жылы эле түзүлгөн. Жылдык акысы менимче, 10 миң доллардын тегерегинде. Эми азыр президентибиздин Кытайга болчу сапарынын алдында муну эл аралык келишимге чыгарып коёлу дешкен го. Бул туура маселе. Биз Кытайдагы эле эмес, бардык өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз турган жерлерди менчикке сатып алышыбыз керек. Ал Кыргыздын менчиги болушу шарт.

Ошондой эле биздеги алардын элчиликтеринин жерин да бергенибиз туура. Эл аралык Вена конвенциясына ылайык, элчиликтин имараты кол тийбестикке ээ. Акыркы күндөрү бул маселе да саясатташып кетти. 2003-жылдан бери эле Кытай элчилиги ижарага алып иштетип келе жаткан. "Бишкек шаардык кеңеши макул болбой, эртеси кайра колдоду. Тышкы иштер министри өзү кирип чыкты" деп саясий оюнга айландырышууда. Мен бул маселени өкмөттүн ишинин шалаакылыгы деп ойлойм. Себеби эртерээк баарын түшүндүрүп, Бишкек шаардык кеңеши менен иштеп коюшу керек эле", - деди Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Нурбек Алимбеков, Алтынбек Жунус уулу, журналист Тынчтык Алтымышевдин пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: