super.kg logo

Депутат Алтынбек Жунус уулу: "Чоң өлкөлөргө жер бергенден кийин тең ата сурай албаганыбыз өкүндүрөт"

 

Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.

SUPER.KG порталынын "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген соболуна парламенттин депутаты Алтынбек Жунус уулу төмөнкүдөй жооп берди.

"Кытай Бишкектен өзүнө миллиондогон долларга чоң элчилик салган. Ал жер мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында эле бөлүнгөн. Бул чечим жокко чыгарылса, имаратты көчүрүп кете албайт. Ошондо эле берилген жер, кечээ шаардык кеңештин депутаттары берип койгон жок. Мурда эле 49 жылга берилген, азыр мыйзамдаштырып коюшту. Бирок мени кызыктырган суроо: Кытай бизге эмнени берди?

Кытайдагы биздин элчиликке барганмын. Ал чоң дипломатиялык шаарчада жайгашкан. “Ошол жактан бизге жер берди” деп жатышат. Билишимче, кытай тарап бизге берген жок. Биз бир тараптуу эле берип койдук. Кечээ шаардык кеңештин жыйынында бир да депутат кытайлар бизге эмне бергенин сурап койгон жок. Келишим да көрсөтүлбөптүр.

Эми Кытайга 3 гектар жер берген маселеден чыр чыгаруунун кажети жок. Кытай - улуу кошуна. Бирок Кытай тараптан да калыстык болуп, бизге да ошондой жер берилсе туура болмок.

Мисалы, Орусиянын Бишкектеги элчилиги "Кыргызалтындын” имаратын күчкө салып алып койгон. Биздин жакшы көргөн жерлерибизге чоң өлкөлөрдүн элчиликтеринин кийлигишүүсүн байкасак болот. Ошол жерлерди бергенден кийин тең ата сурай албаганыбыз мени өкүндүрөт", - деди Жунус уулу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Нурбек Алимбеков, Руслан Казакбаев, журналист Тынчтык Алтымышевдин пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.06.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мына сага 25.сотк жер жок эле нерсеге 3.гектар жерди сатып отурушат 49.жыл дегени кийин эч ким кытайдан талаша албайт дегени да
02.06.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurbek56,Жакын арада кытайга берилген 3 га жерге кытайлардын кичинекей мамлекети (кварталы) пайда болушу мумкун. Ал 3 га жер акырындап чоноюп кете берет. Кытай м-н арабтардан алыс журуу керек.
zhaku2017 түзөттү 2018-06-02 14:17:49
02.06.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстан баардык жактан башка мамлекетке коз карандыбыз. Мисалы: саясат жактан Россия башкарат, акча жагынан Кытайга коз карандыбыз, жан дуйнобузду Арабтар тебелеп салышкан ар кайсы жомокторун айтып жатышып.
02.06.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
yrmat88, жаманды коногу бийлейт деген туура соз да тууган
02.06.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коз каранды эл эч убакта онукпойт. Жакын арада Кытайстан же Арабстан болуп калбасак болду.
02.06.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жерин саткан адамдар козунорду чон ачкыла, силерди келечек муун да, азыркы эл да, отуп кеткен ата-бабалардын арбагы да КЕЧИРБЕЙТ, КАРГАП ОТОТ. Кусуру урбайт деп ойлобогула. Силерди болбосо небере, чеберенерге тиет.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-02 21:04:30
02.06.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
lunaTik1,aaaamin
02.06.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол депутатты , неге иштен албайт? Ким ал,озунун билгенин кылган? Неге , бийликтин колудан п.к келбей ооозу ачылып, какшап-какшап калып кетип жатат? Баарынын тили бир да , суйлоп -суйлоп ичтеринен акчаны болуп жеп, сыртынан суйломуш болуп олтурушат...
Коррупция боюнча иш козгоп-козгоп, неге иштин аягына чыгышайт? Неге? Неге? Неге бири да ошончо акчаны ордуна койгон эмес? Неге? Неге, соттомуш болуп айлап , жылдап 10-20 жылдап журушо берет? Неге? Себеби , баарынын , бааарынын колу кимрдеп,
03.06.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык башынан сасыйт.Бийликтегилерге наалат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: