super.kg logo

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Улуттук статистика комитетинин иши боюнча парламентте жыйын өткөрөт

 

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Улуттук статистика комитетинде көчмө жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов баяндама жасап, комитет жылына болжол менен 2 миллион статистикалык маалымат алып, 25 миңге жакын статистикалык жумуштарды аткара турганын айтты. "Бүгүнкү күндө комитет жетекчилиги маалыматтарды топтоону электрондук негизде жүргүзүүгө өтүү аракетинде. Мобилдик тиркеме аркылуу эки платформа иштелип чыккан. Учурда “Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу” долбоорунун үстүндө Дүйнөлүк банк менен биргеликте иш алып барып, ратификациялык мыйзам долбоору даярдалууда", - деди Султанов.

депутат Мирлан Бакиров Статистика комитетинин сайтында бардык тиешелүү маалыматтар мезгил-мезгили менен жаңыртылып жайгаштырылып турарын айтып, өкмөт аларга дыкат көңүл буруп, так милдеттерди коюп, аткарышы гана керектигин билдирди. Бакиров бир эле Токой чарбасын мисал келтирип, алардын өлкөнүн ички дүң продукциясына статистикалык маалыматтарда көрсөтүлгөн үлүшүнөн көп үлүш кошуу мүмкүнчүлүгү бар экенине токтолду. Акылбек Султанов комитеттин адистери тармактык министрликтер менен өз ара карым-катнашта иштөөсү жолго коюлуп жаткандыгын билдирди.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү, өлкөдөн чыккан жана өлкөгө кирген акча каражатын статистикалоо жумуштары аткарылса, өкмөттүн анализ жүргүзүп иш алып баруусуна чоң пайдасы боло тургандыгын айтты.

Жыйынтыгында комитеттин ишин мындан дагы жакшыртуу боюнча парламентте жыйын өткөрүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле министрликтеги статистикалык маалыматтар менен Статистикалык комитеттеги маалыматтардын бирдей болушун шарттоочу мыйзам долбоорун биргеликте иштеп чыгуу милдети коюлду. Ошону менен катар комитеттин жетекчилигинин сунушу менен мамлекеттик органдарга калктын ишеним индекси боюнча маселени парламентте ырааттуу карап туруу жагы эске алынмай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: