super.kg logo

ИИМ: "Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон кыздын окуясына укуктук бааны УКМК менен Башкы прокуратура берет"

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон кыздын окуясына байланыштуу иликтөө иштерин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарланды.

Мекеменин билдиришинче, кылмыш иши катталгандан бери эле иликтөө министрдин жеке көзөмөлүнө алынган.

"Бул иш боюнча биз кызматтык иликтөө жүргүзүп, окуя кандай болгонун гана аныктай алабыз. Ал эми милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин биздин үстүбүздөн Башкы прокуратура же УКМК карап, укуктук баа берет", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 27-май күнү түндө 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен.

Бул иш боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.06.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыйкат каралышы керек.Коркуткан учун ал бала менен турмуш куруудан качкан да кыз.Кудайдын улуу кунундо,суйлошуп жургон деп баланы актап атышат жалган айтып,кесиптештери.Суйлошуп журсо макул болот эле да кыз.Ушундай зоокурлугунон отузга чыккыча кыз тийбей жургон да.Жапжаш чырактай кыз экен.Бейишин берсин!
01.06.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бириңе бириң баа берет деп отурбай, жазасын бергиле, өмүр бою эркинен ажыратып
01.06.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Минус баскан адам кесиптештери окшойт.Калпына арданып минусту шилтей коюптур.!!!
03.06.2018. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМК укуктук баа бергидей надзорный орган беле?Прокуратура берет укуктук бааны.УКМК террористерди кармасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: