Мектепке кеткен бойдон 16 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Айжамал табылды
Мектепке кеткен бойдон 16 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Айжамал Токтогулова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда апасы Адиля Өмүркулова SUPER.KG порталына кабарлады.
Өмүркулованын билдирүүсүнө ылайык, Айжамалдын Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында жүргөндүгүн айтып чалышкан.
"Мен дароо эле шаардагы тууганыма чалып, кызымдын турган жерине баруусун айттым. Түнкү саат 23:00дөр чамасында кызым аман-эсен келип калды, Кудайга шүгүр деп отурам. Азырынча кайда, эмне кылып жүргөнүн айта элек. Суроо берсек эле ыйлап жатат, тынчтык берели деп жатабыз. Негизгиси кызым аман экен", - деди Өмүркулова.
Эске салсак, кечээ 16 жаштагы Айжамал Москва районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон 16 күндөн бери дайынсыз болуп жатканын апасы билдирип, табышууга коомчулуктан жардам сураган эле.


Табылып жакшы болуптур.
Апасы тим эле уурдап кеткенсип айтып жатпады эчжака чыкчу эмес,телефонда колдонбойт,балдар менен таанышта эмес деп.. баарын билем деп. Жашоо ушундай азыр,кызынын эмне кылып жургонун апасы билбей калган заман келди...