Жалал-Абаддын мэрлигине Ташиевдин инисинин талапкерлиги көрсөтүлдү
Жалал-Абад шаарынын мэрлигине 2 талапкер көрсөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин депутаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын мэрин шайлоо күнү 11-июнга белгиленген.
Шаар башчылыгына талапкер болуп Шайырбек Ташиев жана Мураталы Тагаев көрсөтүлгөн. Шайырбек Ташиев - Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси жана шаардык кеңештин депутаты. Ал эми Мураталы Тагаев учурда шаардык кеңештин төрагасы.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Экоонун бироосу да шаарды ондоого жарабайт. Майда-чуйдо иштер жасашы мумкун, бирок элдин негизги умут-тилеги акталбайт. Анткени булар учун акча, пара биринчи планда, элдин кызыкчылыгы арткы планда...
Экөөнү тең жакшы билген адам катары айтып жатам.Шайыр биринчи колунда иштеткен адамдарга өз убагында айлыгын төлөбөй канча үй бүлөнү какшатып жатасың!!!
Ар көчөнү жарымынан каздырып кышы менен айылда
жүргонсүп ,баткак кечип иштедик!!!
я