super.kg logo

Грузияда митингчилер өкмөт башчы Георгий Квирикашвилинин кызматтан кетишин талап кылышууда

 

Грузияда эки күн бою нааразычылык митинги болуп өттү. Көчөгө чыккан миңдеген адам өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чогулгандар Тбилиси шаардык сотунун өкүмүнө нааразы. Анткени өткөн жылдын декабрь айында эки окуучуну мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки адамды сот актап өкүм чыгарган. Мындан улам демонстраттар Грузия өкмөтүнүн токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Миңдеген митингчилердин катышуусу менен өтүп жаткан нааразычылык митинги "Өлтүрбө!" деген ураан астында өткөнү айтылат.

Митингчилерди тынчтандыруу максатында өкмөт башчы Георгий Квирикашвили чыккан. Бирок нааразычылыкка чыккандар ага сүйлөөгө мүмкүндүк бербей, желим бөтөлкөлөрдү ага карата ыргыткан. Мындан улам ал эл чогулган жерден кетүүгө мажбур болгон.

Көп өтпөй анын сөзүн өкмөттүн маалымат кызматы жарыялаган.

Анда өкмөт башчы Георгий Квирикашвилинин дайыма эл тарапта болуп, митингчилердин талабын эске алары айтылат.

Мен дайыма эл тарапта болуп келгем. Эл менен бет маңдай сүйлөшүүдөн эч качан качкан эмесмин. Ошон үчүн акцияга келүүгө бел байладым. Көпчүлүк келгенимди жакшы кабылдаганы билинип турат. Бирок саясий максатты көздөгөн бир ууч адам сөзүмдү жыйынтыктоого жол берген жок.

Ички иштер министрлиги окуучулардын өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратурадан өзүнө кайтарып алды. Мен жеке өзүм бул ишти көзөмөлдөп турам. Маркум өспүрүмдөрдүн ата-энелери каалаган убакта тергөө иштери кандай өтүп жатканынан кабардар боло алышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, Тбилисидеги нааразычылык митинги 31-майда башталган. Ошондон бери нааразычылыкка чыккандар өкмөт башчынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.06.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армения ны коруп булар да баштаган турбайбы
03.06.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толпа элдин башын айлантыш оной, чем бир адамга караганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: