super.kg logo

Венесуэла президенти оппозиция өкүлдөрүн түрмөдөн бошотту

 

Венесуэлада бийликке каршы нааразычылык митингдерине чыгып түрмөгө камалган ондогон оппозиция өкүлдөрү президент Николас Мадуро тарабынан бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, эркиндикке чыккандардын арасында мындан 4 жыл мурда нааразычылык митингине катышкан генерал Анхель Вивас да бар.

Улуттук курултай жыйынынын төрайымы Делси Родригес башка оппозиция өкүлдөрүнө да кечирим берилерин билдирип, учурда атайын комиссия менен прокуратура эркиндикке чыга тургандардын жаңы тизмесин даярдап жатканын айткан.

Бир катар серепчилер президент Николас Мадуро муну менен эл аралык коомчулук тарабынан кадыр-баркка ээ болууга аракет жасап, ошондой эле өлкөгө киргизилген санкциялардын жоюлушун көздөп турганын айтышат.

Буга чейин Николас Мадуро дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, киргизилген санкциялардан өлкө жапа чегип жатканын билдирген.

"Биз дүйнөлүк коомчулуктан Венесуэлага карата каржылык кысым көрсөтүүлөрдүн токтотулушун сурайбыз. Себеби азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектөөлөрдү алуу үчүн бөлүнгөн 1 жарым миллиард акча каражатыбыздан кол жуудук. Учурда биз менен эч ким соода жүргүзбөй, соода жүргүзүүнү көздөгөн ишкерлердин банктагы эсептери жабылып калды", - деген ал.

Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, Венесуэлада 2014-2017 жылдар аралыгында өкмөткө каршы акцияга катышкан жүздөгөн адам учурда түрмөдө отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: