Казакстанда 19 жаштагы кыз менингит оорусунан улам каза болду
Алматыда менингит дартына кабылган 19 жаштагы кыз каза болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, кечээ, 2-июнда Алматы облустук жугуштуу оорулар ооруканасына 19 жаштагы кыз оор абалда келип түшкөн. Бирок ал 2 сааттан кийин көз жумган. Дарыгерлердин айтымында, кыз оорусу күчөп кеткенде кайрылган.
Казак маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, 1-июнда Казакстандын Алматы шаарында менингококк вирусунан беш жаштагы бала көз жумган. Ал эми каза болгон кыз 5 жаштагы баланын жакын тууганы менен мамиледе болгондугу айтылган. 19 жаштагы кыз досу менен бирге 5 жаштагы баланы алып кетүү үчүн бала бакчага барган болушу мүмкүн. Мындан улам ал аба аркылуу менингококк инфекциясын жуктуруп алган деп кошумчаланган.
Менингококк инфекциясы - курч жугуштуу оору. Ал аба аркылуу да жугат. Оору майыптыкка алып келиши же өлүм менен аякташы мүмкүн.


Бизге мусульман бир тууган
Экинчиден казак кыргыз бир тууган
Деп койот үчүнчүдөн казактар бизге
Жеен болот менимче . Кайдагы бир
Жет элдерге комментари жазгычаңар
Бир туугандарга жазгыла.