super.kg logo

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова менен жол кырсыгына кабылган жүргүнчү үйүнө чыгарылды

 

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылып каза болгон "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова менен чогуу бир унаада келе жаткан Р.С. аттуу жүргүнчүгө амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Р.С. аттуу жүргүнчүнүн баш мээси чайкалып, денесинин айрым жерлери сыйрылган. Ага Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылды. Бейтап ооруканага жатып дарылануудан баш тарткан", - дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: