super.kg logo

Жолдордун абалын аныктаган рейтингде Кыргыз өлкөсү 137 мамлекеттин ичинен 122-орунду алды

 

Кыргыз мамлекети жолдордун абалын аныктаган рейтингде эң начар деп табылды. Мындай аныктаманы "Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк-2017-2018" көрсөткүчтү аныктаган компания жарыялаган.

Жалпысынан 137 мамлекетке изилдөө жүргүзүлүп, анда өлкөдөгү жолдордун абалы 1ден 7ге чейинки баскычта бааланган. 137 өлкөнүн ичинен бири да 7 балл алган эмес.

Жолдору боюнча эң начар деп тизменин аягына 2 балл алган Мавритания түшкөн. Андан кийин 2,1 балл менен Конго жана Гаити Республикаларынын жолдорунун абалы жаман экени аныкталган. Мадагаскар, Гвинея, Йемен, Парагвай, Украина, Мозамбик жана Молдованын жолдору 2,3 баллдан 2,5 баллга чейинки көрсөткүчтө орун алган.

Ал эми Кыргыз өлкөсү тизменин 122-катарында болуп, 2,7 балл менен бааланган. Тизменин сап башын Бириккен Араб Эмираттары, Сингапур, Швейцария, Япония, Нидерланды, АКШ, Франция, Португалия жана Австрия ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(5)
04.06.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми баары президентибизден жакшы иштесе олкобуз гулдойт а коррупцияга малынса карыз дагы кобойот. так что туугандар президентибиздин ыймандуу болушун Аллахтан сураналы
04.06.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолго деп баланча миллион доллар кредит алынды деп байма бай жанылыктардан жазылып турат,анан жолдун сапаты брюнча дээрлик арткы орундакенбиз. Ким жооп берет ушул сурового,эмнеге ушундай фокус мокус бизде???
04.06.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окусан эле нерв кайнайт
04.06.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде бийлик (президент, Окмот) тыштан миллиарддаган доллар карыз алат да, ал акчага жол салдык дейт. Жолду учунчу категориядагы лицензиясы бар (жол курууга эмес, жолдун жамактарын бутоого лицензиясы бар) кытайлык компанияга тапшырат. Ал болсо 2 жылга аран жетчу эптемей жол салат. Мисалы жаны салынып эле артынан ремонт кылыш керек болгон Манас аэропортуна кеткен жол же Балыкчы-Корумду жолу. Анан 2 жылда талкаланса, дагы карыз сураш керек. Ага чейин эл талкаланган жол менен журо турат
05.06.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну бийликтегилер окуйт бекен. Супер кошуна мамлекеттер (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай)канчанчы оорунда экенин кошо жазсаңар тууру болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: