Жээнбековдун Кытайга качан жөнөй турганы белгилүү болду
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы мамилелер боюнча пикир алмашат.
"9-10-июнь күндөрү өлкө башчыбыз Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынына катышат. Бул жыйында эл аралык жана аймактык мамилелер талкууланат", - деди Сыдыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Мына, Бишкектин так ортосунан 3,3 гектар жерди Кытайларга бердируу боюнча тапшырма Жээнбековдон болбой кимден болду?!! Тышкы ичтер министри озу буту куйгон тооктой Бишкек мэриясына чуркап барып, депутаттардын бир кун мурунку пикирин озгортуп кайтты го... Дагы 2003-жылы чечилген деп кутулуп кетишти, элди алдап...
Айтор, Жээнбеков да жарытпай турган болду... Эмне кылыш керек туугандар, эми чогулуп Сокени кууп чыгабызбы анда, Акаев менен Бакиевдин артынан?!!
30 жылдан бери карыз алып элдин бешенеси жылыбаган, эми жылымак беле?!! Анын пайдасын баягы эле бийликтегилер корот да, ошол акчадан уурдаган...