Президенттик аппарат: "Алайдагы жер Кытайга берилет деген калп"
Алай аймагындагы жер Кытайга берилет деген калп. Бул тууралуу 4-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
"Тажикстан-Кытай газ түтүгү Кыргыз жеринен өтсө, Алайды эки бөлөт деген маалымат туура эмес. Бул түтүктөрдү аскерлер коргойт деген да жаңылыштык. Түтүктөр дүйнөлүк стандартка ылайык 3-4 метр жер алдынан өтөт, "газ түтүгү өткөн" деген белгилер коюлат. Кытай бул жерди ижарага гана алган, жер биздин жер, бизге гана калат", - деди Сыдыков.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Мен ойлойм ошондо гана токтойт.Кен казганы барсада кууп чыккыла.Пайдасынан зыяны коп карап отурсан.