super.kg logo

Beeline "Эсибизде!" аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында топтолгон каражатты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өткөрүп берди

 

Жыл сайын өтүүчү телеком-оператордун акциясынын жыйынтыгы 135 миң 102 сом болду. Бул каражатты Beeline’дын абоненттери 2018-жылдын 23-апрелинен 9-майга чейин “Эсибизде!” деген смс-билдирүүнүн жардамы менен которушту. Анын ар бири жалпы жыйналган акчага 30 сомдон болуп түштү. Андан тышкары акцияга Balance мобилдик тиркемесинин колдонуучулары да кошулуп, алар чектелбеген суммада кайрымдуулук көрсөтүштү.

Салтка айланып калгандай, оператор өз бюджетинен кошумча иретинде 340 миң 898 сом бөлдү. Ошентип абоненттер чогулткан каражат үч эсеге көбөйүп, анын жалпы суммасы 476 миң сомго жетти.


Каражаттын көбү өлкө ичиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына акчанын даректүү жеткирилиши үчүн “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын эсебине которулду. 476 адамдан турган тизме телекоммуникациялык операторго Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан берилген. 11 ардагерге каржылык жардамды Beeline’дын кызматкерлери алып барып беришти. Компаниянын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери Улуу Жеңиш майрамы менен пенсионерлерге жеке барып куттукташты.


2017-жылы Beeline’дын абоненттери ушундай эле акциянын алкагында 138 миң 810 сом топтогон. Компания өз каражатынын эсебинен бул сумманы төрт эсеге көбөйтүп, аны 630 ардагерге тапшырган. 2016-жылы 1945 кыска номерине “Эсибизде” акциясы өткөрүлгөн убакытта Beeline’дын колдонуучулары 5 миң 228 SMS жөнөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо максатында 156 миң 810 сом чогулган. Компаниянын бюджетинен бөлүнгөн кошумча каражаты менен ардагерлерге берилген каржылык жардам 253 миң 690 сомду түзгөн. Аны жалпы 821 адам алган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: