super.kg logo

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу дарыланууда

 

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" титулунун ээси Сания Шакирова бараткан унаанын айдоочусу Бишкектеги 4-шаардык ооруканада дарыланууда. Жакынкы арада анын акырегине операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оорукананын Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ч.К. аттуу жаран 2-июндан 3-июнга караган түнү саат 3:30да келип түшкөн.

"1987-жылы туулган Ч.К. медициналык кароолордон өтүп, натыйжада анын баш мээсинин чайкалганы, акырегинин сынганы аныкталган. Пландык эрежеге ылайык, алгач дарылануусу бүткөндөн кийин анын акырегине операция жасалат", - деп кабарлады аталган борбордон.

Белгилей кетсек, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден бир жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.06.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айдоочу Ч.К.аябай катуу ылдамдыкта айдаган экенсиңда. Чок-Талга кире бергенде, жол солго карай крутой поворот болчу. Катуу ылдамдыкта келген авто, жолдун багыты менен солго бурулганга үлгүрбөй, тормозду тепкен бойдон мүрзөнүн тосмосуна урунган экен. Катуу айдап, жыйынтыгында чырактай кызды жок кылдың, 3 баласы жетим калды.... Жайың жаннат болсун Сания!
04.06.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сания Шакирова кырсыкка кабылып, каза болгон унаанын айдоочусу болуп турат го туура эле..ото кызыл бат онот болуп кайран периштебизге коз тийип кетти го..дуйно сулуусу болот деген кандай керемет..жайын жаннаттан болсун перикыз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: