super.kg logo

Бийлик милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын өлүмүнө бир аптадан соң үн катты

 


Милиция бөлүмүндө бычакталган 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын каза болгонуна 1 апта өтсө да, бийлик бул окуяга жетиштүү көңүл бурган жок. Мындай пикирди социалдык тармактын колдонуучулары жазып, "#Бурулайбиздикечир..." деген хэштег менен кыз ала качууга каршы болуп, укук коргоо органдарынын жоопкерчиликсиздигине нааразы экенин билдиришүүдө.

Дал ушул нааразычылыктар күч болуп турган маалда президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканы кабарланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө өзгөчө көңүл бурганы айтылат.

Президент бул окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын айтты.

"Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл", - деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам базасын жакшыртуу маселесин карап чыгууну өкмөт башчыга сунуш кылгандыгы айтылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган сунуштун негизинде атайын кеңешме өткөрүп, Бурулай Турдали кызынын окуясына токтолду.

Өкмөт башчы бул мыкаачылык көрүнүш жана жарандарды кылмышкерлерден сактоочулардын кылмыштуу шалаакылыгы жалпы мамлекеттин аброюна көлөкө түшүргөндүгүн айтты.

"Эгерде адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Күчтөп никеге туруу кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар жактардын гана күнөөсү эмес, жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук келтирүүчү фундаменталдуу адам укугун бузуу болуп саналат. Бурулайдын кайгылуу окуясы коомдун "салтка айланган" ала качуу көрүнүшүнө карата мамилесин түп-тамырынан карай өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок", - деп белгиледи Абылгазиев.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБинежеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.


кошулду





Бурулайдын өлүмүнө бийликтин көңүл бурбаганы коомчулукту кыжырдантты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
04.06.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура,коп нерсе унутулуп калды бизде,Боинг кырсыгы, Москва дагы куйуп кеткен кыздар ж.б.окуялар
04.06.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшынакай кыз экен.
04.06.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакында эле Армениядагы элдик толкундоолор бийликтин алмашуусу менен аяктады. Эмки толкундоо кезеги Грузияда. Мектеп окуучусу болгон уулу балдар менен мушташып, олтурулгон сон, маркум уулун олтургондорду сот актап жиберген сон, маркумдун атасы баш прокурордун кызматтан кетуусун талап кылып каршылык акциясын баштаган. Аны эл колдоого алган. Эми бул акцияга Грузиянын оппозициясы кошулуп, баш прокурор эле эмес, Грузиянын Окмотунун отставкасын талап кылып жатышат.
fantomas түзөттү 2018-06-04 18:32:14
04.06.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Грузияда Армениянын сценарийи кайталанып, Окмот алмашышы да мумкун.

Эми ошондо Жээнбеков менен Абулгазиев бизде да элдик толкундоо орун албасын деп айла жоктон жолугушуп, чара коробуз деп айтууга мажбур болушту. Анткени бул ишке бийликтин коз жумуп койгону эл арасында нааразычылыктарды пайда кыла баштаган. Анын устуно бийликке болгон элдин нааразычылыгы акырындап кучоп бара жатканы да ырас.
04.06.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анткени Жээнбековдун кадр алмаштырганы эле болбосо, жуз миллиондогон долларлар, миллиарддаган сомдор жумшалган ири долбоорлордо ото чон коррупциялык схемалар, ири акча уурдоолору болгону ачыкка чыкканы менен, Жээнбеков ошол коррупционерлерди чекеден камап, ошол жегендерин кустуруп алууга шашканы корунбойт. Ошол уурдалган миллиарддаган сомдун бир тыйыны да кайтарыла элек кайра...

Атугул Шадиев олкодон чыгып кеткенине 1 ай ашкан сон "качып кетиптир" деп алакан жайып отурушат
04.06.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жээнбековдун деле колунан иш келе турган эмес, иштей турган туру жок, шайлангандан бери бир иш кылалек, жеке пияр мн алек, баштагандале уч гектардан ашык жерди кытайларга бере салды,иниси асылбек болсо серый кардинал болуп, кызмат ордун болуштуруу мн алек, садыр жапаровду бошотуп бийлике алып келуу керек, чыныгы мекенчил адам, азыркы окмотко ошондой адам керек.
04.06.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа чындыкты чыркырап издеп таппайт экенсиң. Мен да тергөөчүлорго нааразымын чонтогуно карап мамиле кылышат экен.
05.06.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баарына куноолуу машинаны токтоткон гаишникте,балким кыздын бактысы балададыр.Гаишник токтотпогондо той болмокда эч ким жабыр тартмак эмес.
05.06.2018. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoo_bala,эмне деп жатасың? Кыздын бактысы балада деп, кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө ыраазы болуп жатасыңбы?
SUPER.KG видео
11.06.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым элди ким эле колдойт эле?! Ушул кыз атка минерлердин кызы болгондо Кыргызстанда кандай закон бар экенин жакшы билишет эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: