Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Ташкент шаарында аэропорттон кармалды

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова 24-июнь күнү кечинде Ташкент шаарында аэропорттон кармалды. Маалым болгондой, укук коргоочу Өзбекстанга Франциядан келген укук коргоочулар менен кошо барган. Алардын 25-июнда Франциянын Өзбекстандагы элчилиги менен жолугушуусу болмок. Төрт француз укук коргоочусун аэропорттон тоскоолдуксуз өткөрүшүп, Исмаилованы кармап калышкан. Мунун себеби азырынча белгисиз. Анын кесиптештери учурда укук коргоочунун эмне себептен кармалгандыгы такталып жатканын билдиришти.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

