Кабулда университеттеги жардыруудан 14 адам каза болду
Кечээ, 4-июнда Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы Техникалык университеттин жанында жардыруу болуп, 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каза болгондордон сырткары 17 адам жаракат алган. Буга чейин 6 адам каза болуп, дагы алтоонун жаракат алганы кабарлаган.
Күбөлөрдүн айтымында, жарылуу 2 миңге жакын дин таануучулар университетте конференция өткөрүп, имараттан чыгып кеткен учурда болгон. Конференцияда дин таануучулар Ооганстандагы кан төгүүлөрдү айыптоо тууралуу бүтүм чыгарышкан.
Учурда жарылууну эч бир тарап моюндай элек. Бул окуяга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
s81

05.06.2018. 09:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ооган да бир тынчтык жок
Ka2sr1

05.06.2018. 12:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оогандыктардын эли карангы. Эли динге баш ооту менен кирип алышып, орто кылымдын тушунугу бойдон калышкан.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.