super.kg logo

Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө

 

Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркап, каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу казак маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Маалым болгондой, жыл башынан бери бул илдеттен 12 адам каза болгон. Мындай расмий маалыматты Казакстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирген.

"Бүгүнкү күнгө карата менингококк инфекциясы менен жабыркаган 58 жаран катталган. Алардын 12си каза болду. Ооругандардын 18и - 14 жашка чейинки балдар. Алардын арасынан 5 бала көз жумган", - дейт министр.

Кошумчалай кетсек, Казакстанда жарандар буга чейин дагы аталган илдеттен каза болушкан. Мисалы, 2013-жылы 117 киши инфекция жугузуп, анын 18и каза болгон. 2014-жылы 119 киши жабыркап, 15и көз жумса, 2015-жылы менингококк инфекциясын жугузуп алгандардын саны 424 кишиге жетип, 21 адам каза болгон. Ал эми 2016-жылы ооругандардын саны 120га жетип, 7 киши каза болсо, 2017-жылы 162 адам жабыркап, 11и көз жумган.

Менингит – мээнин чел кабыгынын сезгениши. Аны убагында дарылабаса, адам кулагы укпай, талмага кабылат. Ал тургай өлүмгө учуроосу да толук мүмкүн.
Ооруну бактериялар жана вирустар жаратат. Бул дарт оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, ал колдонгон буюмдар жана суу, кир кол, тамак-аш, өбүшүү аркылуу жугат. Эпидемиялык убак – көбүнчөсү февраль-апрель айларынын аралыгы. Анткени бул убакта аба ырайы бирде жылып, бирде сууп, эл суукка көп урунуп, оорунун жайылышына шарт түзүлөт. Анын үстүнө жазга маал нымдуулук күчтүү болуп, бактериялар, вирустардын көбөйүшүн шарттайт. Узак убакыт жабык, желдетилбеген имаратта болуу, эл көп чогулган жайларда жана суукта мончодон чыгып жылаңбаш жүрүү да менингитке чалдыгууга жол ачат. Бул оорудан убагында дарыланбаса, кереңдикке, талмага алып келет.
Менингит оорусу ар 10-15 жылда эпидемияга айланып, кайра кайтып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.06.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал кандай оруу?
05.06.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
?
05.06.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын, ооругандарга шыпаа берсин!
05.06.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман болгон экен.Ысык Колго карантин киргизууго туура келип калбаса экен.
05.06.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ысык колго эмес казакстан менен чектеш границадан эле киргизиш керек гарантин
05.06.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jango, Ысык Колго келген туристтердин басымдуу болугу казак туугандар болуп жатпайбы туугагым
05.06.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечээ биздикилер бизде эч кандай коркунуч жок дейт.Кандай коркунуч жок?Коншу мамлекетте кобойсо бизге да созсуз коркунуч болот.Алдын алыш керек.Кандай сактаныш тууралуу элге тынбай маалымат бериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: